Волейбол боюнча мелдештин райондук туру болуп өттү
2023-жылдын 28-29-январь күндөрү спорттун волейбол түрү боюнча мектеп лигасынын райондук туру болуп өттү. Мелдешке ар бир зонадан жеңип келген кыздар жана балдар командалары катышышты. Балдар командалары үчүн оюн №4 А.Саттаров атындагы орто мектебинде,ал эми кыздар командалары үчүн биздин мектепте өткөрүлдү. Мелдеште биздин мектептин балдар командасы 1-орунду ээлеп, областтык турга жолдомо алышты. Бул жеңиште дене тарбия мугалими Сатаров Өскөндүн эмгеги зор. Агайга иштерине ийгилик каалайбыз. Областтык турда дагы жеңиштерге жетишет деген үмүттөбүз.
Комментарии